Жаштар иштери боюнча бөлүмдүн төрагасы Азамат Айдаров студентке сыйлыгын тапшырды
КРнын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган студенттер арасындагы "эң мыкты видео" кароо сынагында И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжнин 2- курсунун студенти Уланбек кызы Гүлнур "монолог" окуп Кыргызстандагы ЖОЖдор арасында биринчи орунду багындырганын буга чейин жазган элек. Мына ошол биринчи орунду багындырган студентибиз бүгүн министрликтен өзүнүн сыйлыгын алды. Өлкөдөгү азыркы шартка байланыштуу сыйлык ээси айылда болгондуктан, министрликтин грамотасы менен планшетин университеттин Жаштар иштери боюнча бөлүмдүн төрагасы Азамат Айдаров педколледждин директору Толоев Максатбекке тапшырды.
Гуманитардык колледждин педагогикалык кеңеши кезектеги отурумун өткөрүштү
Отурумга Гуманитардык колледждин директору, и.о.прфессор Дүйшеналиев Чынарбек Дүйшеналиевич, окуу иштери боюнча директордун орун басары, кафедра башчылары, окуу бөлүмдүн методисттери, магистратура жана тарбия иштери боюнча координаторлор катышышты. Ошону менен бирге эле окуу процессинин жүрүшү, 2-модульдун жыйнтыктоочуу контролу, студенттердин практикасы, контракт төлөө боюнча маселе, дистанттык режимде бүтүрүүчүлөр үчүн (студенттердин) мамлекеттик сынакты уюштурууга болгон аракеттери талкууланды
Гуманитардык колледждин окутуучусу Сейтказиева Назгүл Салбаровна ачык сабакты жакшы өткөнү айтылды
И.Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык колледжинин информатика жана дизайн бөлүмүнүн ага окутуучусу Сейтказиева Назгул Салбаровна аралыктан окутуу шартында zoom.us платформасы менен “Маалыматтык технология” сабагы боюнча “ Web- сайттын конструкторун түзүү Tilda ”, - деген темада семинардык сабак өттү. Уюштурулган окуу-усулдук иш-чара ачык сабактын бекитилген графигине ылайык өтүлдү. Сабакка факультеттин ага окуучулары, бөлүмдүн башчысы Нуржанов Б.Б., Бегалиев А.М.,Ниязмамбетова С.А.жана бөлүмдүн мүчөлөрү катышты. Сабактын окуу-усулдук түзүлүшү, окутуучунун сабакты өтүшү, студенттер менен болгон кайтарым байланышы ж.б. көрсөткүчтөр жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы белгиленди.
КГУ им И.Арабаева. Педагогический колледж "Отделение педагогики". Группа ПНК-14-18. Предмет: "Детская литература, с практикумом по выразительному чтению". Группа участвовала на видео занятии, на тему: "Зарубежная поэзия для детей". Преподаватель: Омуралиевой Г.И.
И. Арабаев атындагы КМУда окутуучу болуп эмгектенген Жороев Арзымат Набиевич Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын ээси болду. Арзымат Жороевге сыйлык «Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы, такгыраак айтканда (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусстводо) жараткан эмгектери үчүн берилди