Заседание 16 - 13 декабря 2019 года защита кандидатской диссертации Бейшеева Т. Главная

2019-12-13 в 13:00:00

2019-жылдын 13-декабырында саат 13.00.дө И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.18.580 Диссертациялык кеңеши Бейшеев Төлогөндүн “Педагогика багытындагы студенттердин кыргызча кебин байытууда сөздүктөр менен иштөөнүн методикасы” аттуу темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз тили) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат.

Илимий жетекчи: Мусаева Венера Иноятовна, педагогика илимдеринин доктору, ага илимий кызматкер, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу.

Расмий оппоненттер: Батаканова Светлана Топчиевна, педагогика илимдеринин доктору, профессор, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улутгук агрардык университетинин Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.   

Исираилова Акдана Маматалиевна, педагогика илимдеринин кандидаты, И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз тили кафедрасынын доценти.

Жетектөөчү мекеме:  Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин педагогика жана психология, башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедралары.

Дареги: 720023, Бишкек шаары, Т.Саманчин көчөсү, 10а.

           Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы КМУнун (дареги: 720026, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 51.), Ж.БаласагынатындагыКУУнун (дареги: 720033. Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 547) жана КББАнын (дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспект, 25) илимий китеп каналарынан таанышууга  болот. Ошондой эле http:arabaev.kg/do.kg  сайтынан таанышууга болот.

ZOOM WEBINAR 8501999051