Заседание 19 - 21 февраля 2020 года - защита докторской диссертации Зулпуева Ашима Зулпуевича Главная

2020-02-21 в 14:00:00

2020-жылдын 21-февралында саат 14.00дө И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.18.580 Диссертациялык кеңеши Зулпуев Ашим Зулпуевичтин «Жогорку окуу жайларында Манас таануу курсун окутуунун илимий-методикалык негиздери» аттуу темадагы 13.00.02 - окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат.

Илимий кеңешчи: Рысбаев Сулайман Казыбаевич, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик тил жана коп тилдүү билим берүү лабораториясынын башчысы.

Расмий оппоненттер:

Батаканова Светлана Топчуевна, педагогика илимдеринин доктору, профессор, К.И.Скрябин атындагы улуттук агрардык университетинин проректору;

Сманов Бахтияр Урисбаевич, Казакстан Республикасынын УИАнын академиги, педагогика илимдеринин доктору, Абай атындагы Казак улуттук университетинин профессору;

Орозова Гүлбара Жалаловна, филология илимдеринин доктору, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери.

Жетектөөчү мекеме: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы; педагогика жана психология; кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедралары. 

Дареги: 720023, Бишкек шаары, Т.Саманчин көчөсү, 10а. Диссертация менен И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын илимий китепканаларынан жана http:arabaev.kg/do.kg сайтынын таанышууга болот.

ZOOM WEBINAR 8501999051