Заседание № 18 - 25 февраля 2022 года Защита докторской диссертации Зулпуева А. Главная
2022-02-25 в 13:00:00
Зулпуев Ашим Зулпуевичтин коргой турган доктордук
диссертациясы тууралуу кулактандыруунун тексти
2022-жылдын 25-февралында саат 13.00до И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.20.623 диссертациялык кеңеши Зулпуев Ашим Зулпуевичтин “Жогорку окуу жайларында “Манас” таануу курсун окутуунун илимий-методикалык негиздери” аттуу темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат.
Дареги: 720023, Бишкек шаары, Т.Саманчин көчөсү, 10а.
Илимий кенешчиси: Рысбаев Сулайман Казыбаевич, педагогика илимдеринин доктору, профессор.
Расмий оппоненттер:
Укуева Бушарипа Кожояровна - педагогика илимдеринин доктору, доцент, ОшМУнун башталгыч билим берүүгө чейинки педагогика жана психология кафедрасынын профессору;
Юлдашев Козокбой Бойбекович –педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ташкент мамлекеттик Өзбек тили жана адабияты университетинин өзбек адабиятын окутуу методикасы кафедрасынын башчысы;
Орозбекова Жылдыз Калмашевна– филология илимдерининдоктору, доцент, КР ЖКнын Лингвистикалык экспертизалар бөлүмүнүн эксперти.
Жетектөөчү мекеме: Абай атындагы Казак Улуттук педагогикалык университетинин казак тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы
Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КББАнын илимий китепканаларынан жана http:arabaev.kg/do.kg сайтынан таанышууга болот.
Диссертациянын коргоосунун онлайн трансляциялоонун кирүү коду:
https://vc.vak.kg/b/d13- oyf-pc2-yyg
Диссертациялык кеңештин төрайымы,
п. и. д.,профессор Батаканова С.Т.