Кандидаттык диссертацияны коргоо Главная

2022-04-15 в 13:00:00

2022-жылдын 15-апрелинде саат 13.00 дө720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 дареги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.20.618 диссертациялык кеңештин жыйынында Баялиева Айсулу Суютбековнанын “Болочок мугалимдерди кесиптик жактан даярдоодо демократиялуулук салттарды колдонуунун педагогикалык шарттары”аттуу темада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбүбү Асаналиевна.

Расмий оппоненттер:педагогика илимдеринин доктору, профессор Алимбеков Акматали; педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Токтомаметов Алмаз Даткабекович.

Жетектөөчү мекеме: С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана окутуунун технологиясы кафедрасы.

Диссертация менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын Илимий китепканаларынан таанышууга болот. Дареги: 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 жана дискеңештин сайтынан таанышууга болот (www. arabaev. kg).

 

Код видео конференции: https://vc.vak.kg/b/132-3bn-fgw-pkn.

 

 

 

 

 

 

Диссертациялык кеңештин төрайымы,

педагогика илимеринин доктору, профессор                      Калдыбаева А.Т.