Докторлук диссертацияны коргоо Главная

2023-02-28 в 14:00:00

2023-жылдын 28-февралында саат 14.00 дө720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 дареги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.23.662 диссертациялык кеңештин жыйынында Сулайманова Рахат Токтогуловнанын “Кыргызстанда педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы” аттуу темада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

Илимий кеңешчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбүбү Асаналиевна.

Расмий оппоненттер:педагогика илимдеринин доктору, профессор Алимбеков Акматали; педагогика илимдеринин доктору, профессор Халитова Исламия Рамазановна; педагогика илимдеринин доктору, профессор Алиев Шаршенбек Алиевич.

Жетектөөчү мекеме: С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана окутуунун технологиясы кафедрасы.

Диссертация менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын Илимий китепканаларынан дареги: 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 жана диссертациялык кеңештин сайтынан таанышууга болот (www. arabaev. kg).

 

Код видео конференции: https://vc.vak.kg/b/132-iro-djs-est