Кандидаттык диссертацияны коргоо Главная

2021-05-28 в 13:00:00

            2021-жылдын 28-майында саат 13.00 дө 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 дареги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.20.618 диссертациялык кеңештин жыйынында Толоев Максатбек Жеңишовичтин “Жогорку класстын мектеп окуучуларынын агрессивдүүлүк жоруктарын жоюунун педагогикалык шарттары” аттуу темада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Чоров Маматкан Жетимишевич.

Расмий оппоненттер:педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбүбү Асаналиевна; педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Иманбаев Аскар Асангазиевич.

Жетектөөчү мекеме: Талас мамлекеттик университетинин педагогика жана психология кафедрасы.

Диссертация менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын Илимий китепканаларынан таанышууга болот. Дареги: 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 жана дискеңештин сайтынан таанышууга болот (www. arabaev. kg).

Код видео конференции: https://vc.vak.kg/b/13--po3-3sz-zpn.

 

 

 

 

 

Диссертациялык кеңештин төрайымы,

педагогика илимеринин доктору, профессор                      Калдыбаева А.Т.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

        2021-жылдын 28-майында саат 15.30 да720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 дареги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.20.618 диссертациялык кеңештин жыйынында Эргешали кызы Актилектин “Жогорку класстардын окуучуларын элдик педагогиканын баалуулуктары аркылуу үй-бүлөлүк турмушка даярдоо”аттуу темада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбүбү Асаналиевна.

Расмий оппоненттер:педагогика илимдеринин доктору, профессор Алимбеков Акматали; педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Карагозуева Гүлзат Жеңишбековна.

Жетектөөчү мекеме: К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин педагогика жана психология кафедрасы.

Диссертация менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын Илимий китепканаларынан таанышууга болот. Дареги: 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 жана дискеңештин сайтынан таанышууга болот (www. arabaev. kg).

Код видео конференции: https://vc.vak.kg/b/13--po3-3sz-zpn.

 

 

 

Диссертациялык кеңештин төрайымы,

педагогика илимеринин доктору, профессор                      Калдыбаева А.Т.