Биофакта илимий-методикалык семинар уюштурулду
Posted By: Admin Дата: 2019-11-11 10:55:20 Просмотров:13868

Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан илимий-методикалык семинар уюштурулду.

Кезектеги илимий-методикалык семинарга Кыргыз-Славян Университетинин урология жана андрология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Чыныбек Байышович Алимов чакырылган. Чыныбек Байышовичтин доклады “Биология” адистигине даярдоодо окутулган  Адамдын физиологиясы” деген темада болду. Бул тема бүгүнкү күндө абдан актуалдуу десек болот.

      Илимий-методикалык семинарга И. Арабаев атындагы КМУнин Илим  иштери боюнча проректору, профессор Эмиль Жангорозович Каниметов, биология жана химия факультетинин деканы, профессор Мамат Жетимишович Чоров, Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, профессордун милдетин аткаруучу Гүлнар Алтымышовна Шаршеналиева, факультеттин илим иштери боюнча координатору, профессор Медет Кенжебаевич Ахматов  жана факультеттин окутуучулар курамы катышты.


Top