Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын жайкы окуу талаа практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду
Posted By: Admin Дата: 2020-09-30 11:08:31 Просмотров:12501

И.Арабаев атындагы КМУнин  Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын 2019-2020-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында  пландалган окуу-талаа практикасы 520 200 Биология багытынын  2-курсунун Б-1-18 тайпасынын студенттери менен 10-майдан 26-июнга чейин COVID-19 карантин учуруна карабастанокуу талаа-практикасы өткөрүлдү.

Окуу-талаа практикасынын жетекчилери ага окутуучу Ниязова Нурифер Дүрбөлөновна, ага окутуучу Боогачиева Айжан Качкынбековна студенттердин жашап жаткан жерлерин эске алуу менен тапшырмаларды classroom жана AVN порталына  жүктөп, кайтарым байланышка чыгып тапшырмалардын жыйынтыгын алып турушту.

Алар Бишкек шаарында, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад областарында практикаларын өтүштү. Алардын ичинен 1 студент Өзбекстан Республикасында өттү.

Окуу-талаа практикасынын жыйынтык конференциясы  онлайн түрүндө 22.09.2020 жылы өткөрүлүп конференцияга университеттин практика боюнча жетекчиси доц. Шамшиев Т.С., факультеттин деканы п.и.д. профессор Чоров М.Ж., кафедра башчысы, б.и.к., проф.м.а. Шаршеналиева Г.А.  жана   жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы  толугу менен катышышты.

Конференция учурунда студенттер экология боюнча окуу-талаа практика учурунда кандай иш-чараларды алып баргандарын, чогулткан материалдары жана толтурган күндөлүктөрү, фото альбомдору менен отчетторун беришти.

Практика убагында өз жерлеринин экологиялык абалы менен таанышышып алган билимдерин бекемдегендери көрүнүп турду. Алар байкоо жүргүзгөн аймактардын биоценоздук курамын аныктаганы, биотикалык мамилелерге жүргүзгөн талдоолору, популяциялык экология боюнча сандык эсептөөлөрү жана антропогендик шарттардын айлана чөйрөгө, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө тийгизген таасири боюнча докладдар менен өз иштерин жакташты.

Окуу талаа практикасынын айрым бир жыйынтыктары боюнча макала даярдоо сунушталды.


Top