М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында OnLine режиминде конференция өттү
Posted By: Admin Дата: 2020-10-23 10:35:41 Просмотров:10244

2020-жылдын 20-октябрында биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 2019-2020 окуу жылында өткөрүлгөн окуу-талаа практикасынын жыйынтык конференциясы OnLine режиминде болуп ɵттү. 

Окуу-талаа практикасы жалпы ботаника, омурткасыздардын жана омурткалуулардын зоологиясы, өсүмдүктөрдүн систематикасы дисциплиналары боюнча 1-3 курстун студенттерине өлкөбүздө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу окуу-талаа практикасы күндүзгү окуу формасынын студенттери жашаган жеринде  18-майдан 27-июнга чейин OnLineрежимде өткөрүлдү.

Окуу-талаа практикасы учурунда студенттер байкоо жана эксперименттерди жүргүзүүнүн негизинде, биологиялык материалдарды чогултуу менен лекциялык, практикалык сабактарда алган теориялык билимдерин тереңдетишет, бекемдешет.

Окуу-талаа практикасынын жыйынтык конференциясына университеттин практика боюнча жетекчиси доц. м.а. Шамшиев Т. С. факультеттин деканы п.и.д., профессор Чоров М. Ж., декандын орун басары, п.и.к., доц. Усенгазиева Г.С. жана  кафедранын окутуучулар курамы катышышты. Конференциянын жүрүшүндɵ ар бир курстун студенттери ɵздɵрүнүн слайд-презентацияларын коргошту.

 

  • Бб-13-19, Бк-11-19, Б-1-19 – жалпы ботаника боюнча окуу-талаа практикасы, жетекчилери: б.и.к., доц.м.а. Кармышова Ү.Ж., ага окутуучу Акжолтоева Р., ага окутуучу Нурманбетова А.Т.;
  • Бб-13-19, Бк-11-19, Б-1-19 – омурткасыздардын зоологиясы боюнча окуу-талаа практикасы, жетекчилери: п.и.к., доц. Абдыкапарова А.О., окут. Турсуналиева М.Т.;
  • Бб-13-17, Бр-11-17 – омурткалуулардын зоологиясы боюнча окуу-талаа практикасы, жетекчилери: унив.проф. Абдрахманова Б.С., б.и.к., доц. Кендирбаева С.К.;
  •  Бб-13-17, Бр-11-17 – өсүмдүктөрдүн систематикасы боюнча окуу-талаа практикасы, жетекчиси: п.и.к., доц.м.а. Сапарбаева У.Ч.

Студенттер талаа шартында илимий-изилдөө иштердин усулдарын өздɵштүрүшкɵнүн, жергиликтүү түрлөр менен таанышышканын билдиришти. Ошону менен бирге эле айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка, тирүү организмдерге аяр мамиле кылуу көндүмдөрү жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууну калыптандыруу. Соңунда практика жетекчилери практиканын On Line форматта жүрүшүнүн жетишкендиктери жана мүчүлүштүктөрү тууралуу пикирлерин  билдиришти.


Top