Биология жана химия факультетинде 4-курстун профилдик – кесиптик педагогикалык практикасын жыйынтыктаган педагогикалык конференциясы өттү
Posted By: Admin Дата: 2020-12-06 12:19:55 Просмотров:10970

        И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинде 4-курстардын кесиптик-профилдик практикасы боюнча онлайн жыйынтыктоочу конференциясы болуп ɵттʏ. Ага Биология жана химия факультетинин деканы, профессор М.Ж.Чоров, декандын орун басары, доцент Усенгазиева Г.С., жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, профессордун милдетин аткаруучу Г.А.Шаршеналиева, методисттер жана факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышышты.

          Республикадагы пандемия шартында гаджеттердин жетишсиздиги, алыскы аймактарда интернет желесинин сапатынын начардыгына карабастан методисттердин онлайн көрсөтмөлөрү жана инновациялык методдорду колдонуу боюнча методикалык жардамы менен студенттер тʏрдʏʏ платформаларды колдонуп, презентацияларды жана видео-сабактарды даярдашты. Педконференцияда онлайн педпрактика учурундагы жетишкендиктер жана кыйынчылыктар жɵнʏндɵ  талкуу болуп, студенттер өздөрү аткарган иштерин – предметтик жана тарбиялык сааттарга ылайык аткарган видеосабактарды, презентацияларды демонстрациялоо аркылуу инновациялык педагогикалык көндүмдөргө ээ болгондугун көрсөтө алышты.

         Пандемия учурундагы ар кандай кыйынчылыктар болсо дагы zoom.us, googl.meet, googl.classroom, moodle  ж.б.у.с. платформалар менен иштɵɵ кɵндʏмдɵрʏнɵ ээ болушканын баса белгилешти.

         Конференциянын аягында факультеттин деканы, профессор М.Ж. Чоров практика учурунда чыгармачылык  менен иштеп, жоопкерчиликтʏʏ мамиле кылган алдыңкы студенттерге университет жана факультет тарабынан берилген  мактоо баракчасы  менен тааныштырды.


Top