Биология жана химия факультетинде "ЗОМБУЛУККА ЖОЛ ЖОК!!!"аттуу темада ОНЛАЙН- СЕМИНАР уюштурулду.
Posted By: Admin Дата: 2021-04-29 09:39:05 Просмотров:7540

Онлайн-семинарды факультеттин деканы, п.и.д., проф. М.Ж. Чоров ачып, конок катары чакырылган милициянын полковниги, КР Ички иштер министрилинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын начальниги Адылова Нуржан Өзүбековна,  бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында болуп жаткан зомбулуктун абалы, кесепеттери, анын жоюу жолдору жөнундө маалымат берип,  студенттердин суроолоруна жооп берди. Программанын алкагында Давлетова Ч.С., биология илимдеринин кандидаты, жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору «Гендердик өнүгүү жана анын мааниси» аттуу темада доклад жасады. Психология кафедрасынын доценти К. Кожогелдиева“Зор-

зомбулуктун психологиялык мазмуну” темада зомбулуктун психологиялык жагдайын боюнча кеңири маалымат берди. “Зомбулукка жол жок!” деген презентация менен  Усенгазиева Г.С.,

педагогика илимдеринин кандидаты, биология жана химия факультетинин деканынын орун басары семинарды жыйынтыктады. 

ИИМдин өкүлү онлайн-семинарда көптөгөн кызыктуу суроолорго жооп берди.   

 


Top