Биология жана химия факультетинде конок- лекция уюштурулду
Posted By: Admin Дата: 2021-05-07 13:11:00 Просмотров:13797

 6- май күнү Биология жана химия факультетинде проф. М. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы тарабынан кезектеги пландалган конок-лекция уюштурулду. Конок-лекцияны КР УИА Биология институтунун омурткалуу жаныбарлардын лабораториясынын ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Н. В. Тротченко «Кыргызстандын жаныбарлар дүйнɵсү» дисциплинасы боюнча «Кыргызстандын жерде-сууда жашоочулары жана сойлоп жүрүүчүлɵрү» деген темада факультеттин Бб-13-18, Бк-11-18, Б-1-18, Бб-13-17, Бр-11-17 тайпаларынын студенттерине окуду.

Конок-лекцияга катышкан студенттер - Кыргызстандын жерде-сууда жашоочулары жана сойлоп жүрүүчүлɵрү жɵнүндɵ илимий маалыматтар келечекте биолог-адиси болуп, орто мектептерде мугалим, илимий мекемелерде илимий кызматкер катары иштегенде абдан баалуу материалдар боло тургандыгын белгилешти.

Конок-лекцияда факультеттин студенттери Кыргызстандын ар кандай экосистемаларында таралган жерде-сууда жашоочулардын жана сойлоп жүрүүчүлɵрдүн биологиясы, экологиясы жана аларды коргоо иш-чаралары боюнча заманбап илимий, окуу-методикалык маалыматтарды алышты. Конок-лекция жогорку деңгээлде уюштурулуп, лектор студенттерге таратылуучу буклеттерди, омурткалуулар боюнча плакаттарды жана кафедранын китеп фондуна  “Кыргызстандын негизги орнитологиялык аймактары” аттуу китебин белек катары берди.

Ɵзгɵчɵ саны азайып бара жаткан омурткалуулар катары аларды коргоо иш чараларын жүргүзүү үчүн болочок мектеп окуучуларын жана калктын экологиялык жактан билим алуусун биринчи орунга коюу маселелери боюнча кызуу талкуу болду.

КР УИА Биология институту жана факультет ортосунда жаш муундарды экологиялык жактан тарбиялоо, КР биоартүрдүүлүгүн коргоо иштери боюнча мындан ары  биргеликте иш алып баруу жаатында жана келечектеги долбоорлорду бирге аткаруу боюнча сунуштар киргизилди.


Top