22-Май Эл аралык БИОАРТYРДYYЛYК КYНY. Биология жана химий факультетинде даталуу күнгө арналган жыйын өттү
Posted By: Admin Дата: 2021-05-24 15:07:50 Просмотров:6477

2021-жылдын 22-майда саат 10.00дɵ университеттин 2-имаратынын жыйындар залында проф. М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы тарабынан уюштурулган «Эл аралык Биоартүрдүүлүк күнүнө» арналган илимий семинар болуп ɵттү. Илимий семинар онлайн жана офлайн форматта факультеттин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана республиканын атайын коргоого алынган аймактарынын илимий кызматкерлеринин катышуусу менен ɵттү. Мамлекеттик коруктардын, жаратылыш парктарынын жана биоартүрдүүлүк кафедрасынын ортосунда түзүлгөн илимий келишимдердин негизинде тыгыз иш жүргүзүлүп келет. Илимий семинардын модератору биология илимдеринин доктору, профессор Ахматов М.К. илимий семинарга чакырылган коноктор жана

докладчылар менен тааныштырды. Илимий семинарды факультеттин деканы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Чоров Маматкан Жетимишович куттуктоо сөзү менен ачты.

22-май «Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк күнү» деп Бириккен Улуттар уюму тарабынан 2000-жылдын 20-декабрда 55/201 резолюциянын негизинде кабыл алгандыгынын белгиледи. Кыргыз Республикасы 1996-жылы биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Эл аралык конвенцияны ратификациялаган. Анын негизинде биология жана химия факультетинин курамында 2002-жылы биоартүрдүүлүк

кафедрасы түзүлүп, учурда жогорку жетишкендиктер менен алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жаткандыгын баса белгиледи.

Илимий семинарда төмөнкүдөй докладдар жасалды:

1. “Профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк

кафедрасынын калыптанышы жана жетишкендиктери”. Кафедранын башчысы,

б.и.к., доцент Кендирбаева С.К. (офлайн)

2. “Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркы” – Кан-Ачуу

мамлекеттик жаратылыш паркынын ага илимий кызматкери Айтмырза к.

Эркегүл. (Жалал-Абад облусу) (онлайн)

3. “Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркы” Саймалуу-Таш

мамлекеттик жаратылыш паркынын илимий кызматкери Токтомамет уулу

Улукбек (Жалал-Абад облусу) (онлайн)

4. «Ысык-Кɵл биосфералык коругу» - Ысык-Кɵл биосфералык коругунун

ага илимий кызматкери Кененбаева Анипа Туленбаевна (Ысык-Кɵл облусу)

(онлайн)

5. «Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылык коругу» - Каратал- Жапырык мамлекеттик коругунун ага илимий кызматкери Асанова Айнура

(Нарын облусу) (онлайн)

6. “Өсүмдүктөргө жана жаныбарларга топурак менен суунун

булганышынын тийгизген таасири” Б-1-19 группасынын студенти Бекболот уулу Төрөгелди (офлайн). Илимий семинардын жүрүшүндɵ жасалган докладдар боюнча факультеттин профессордук-окутуучулар курамынан жана студенттерден суроолор болуп, абдан кызуу талкуу болду. Илимий семинардын аягында модератор б.и.д., профессор Ахматов М.К. жыйынтыктоо сɵзүндө баардык катышуучуларга чын ыкластан ыраазычылык билдирди. Кыргызстандын баалуу флора жана фаунасынын биоартүрдүүлүгүн коргоо жаатында мындан ары да Кыргызстандын атайын коргоого алынган аймактары (биосфералык территория, корук, корукча, жаратылыш парктары ж.б.) менен тыгыз иш алып баруу зарыл экендигин баса белгиледи.


Top