Биология жана химия факультетинде кошумча сабак өтүлдү
Posted By: Admin Дата: 2021-05-26 14:37:57 Просмотров:6578

И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу А.Т. Нурманбетова

“Өсүмдүктөрдүн физиологиясы” дисциплинасынан Б-1-18, Бк-11-18, Бб-13-18 тайпаларына 1-жарым жылдыкта онлайн режимде проф. М.К. Ахматов тарабынан окулган “Өсүмдүктөрдүн клеткасынын физиологиясы”, “Фотосинтез”, “Дем алуу”, “Фитогормондор” бөлүмдөрүнүн лабораториялык сабактарын студенттердин суроолору боюнча апрель айында кошумча сабактарды өттү.

Кошумча сабактын жүрүшүндө студенттер лабораториялык иштерди өз колдору менен кызыгышып жасашып, теориялык билимдерин бекемдешти. Ар бир сабактын сонунда өзүлөрү жасаган иштин сүрөттөрүн лабораториялык дептерлерине тартышып, жыйынтык чыгарышты.

Жыйынтыгында студенттер окутуучуга кошумча сабак өтүп бергендигине ыраазылыгын билдиришти. 


Top