Биология жана химия факультетинде “Тил – улут тагдыры” аталыштагы ачык сабак уюштурулду
Posted By: Admin Дата: 2021-09-20 10:05:18 Просмотров:4990

2021-жылдын 18-сентябрында биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын  п.и.к., доц. м.а. Сапарбаева Уулай Чымыровнанын жетекчилиги астында Бб-13-19, Бк-11-19 жана Б-1-19 группаларынын студенттерине 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө араналган “Тил – улут тагдыры” аттуу темада ачык куратордук сабак өткөрдү. Бул куратордук сабакка факультеттин деканынын орун басары п.и.к., доцент Усенгазиева Г.С., аталган кафедранын мүчөлөрү университеттин проф. Абдрахманова Б.С., доц. Сазыкулова Г.Дж., доц.м.а. Кармышова Ү. Ж., ага окут. Нурманбетова А.Т., лаборант Анарбекова А. жана 1-2-курстун студенттери катышышты.

         Куратордук саат белгилүү акын Ш. Дүйшеевдин:

“Тил жоголбойт,

Жоголсо, жоголот дил,

Уулуң дагы, кызың да жоголот бил!

Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,

Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!” Деген мааниси терең ыр саптары менен башталып, мамлекеттик тилибиздин тарыхы, тагдыры жөнүндө слайд презентацияланды, көркөм ырлар окулду, эне тилибизге байланыштуу макал-лакаптар айтылып, докладдар жасалды.

Аягында сабакка катышкан мугалимдер жана студенттер мамлекеттик тил жөнүндө өздөрүнүн пикирлери, каалоо-тилектери менен бөлүшүштү. Сабактын тарбиялык мааниси жогору болуу менен бирге абдан кызыктуу өттү.


Top