Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы студенттердин өз алдынча иштеринин көргөзмө-конференциясын өткөздү
Posted By: Admin Дата: 2021-12-27 11:15:48 Просмотров:4310

Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты Г.А.Шаршеналиеванын уюштуруусу менен  “Студенттердин өз алдынча иштеринин көргөзмө-конференциясы” өттү. Ага  И.Арабаев атындагы КМУнун окуу башкармалыгынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Равшан Акимович Зайниев; Биология жана химия факультетинин деканы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Маматкан Жетимишович Чоров,  Окуу-инспекциялык бөлүмдүн башчысы Кенже Сартбаевна Кыдыкова, Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, химия илимдеринин кандидаты, профессор Абдураим Сатывалдиевич Сатывалдиев, Биоартүрдүүлүк кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Салтанат Кеңешовна Кендирбаева факультеттин профессордук – окутуучулар курамы катышты. Иш- чарада билим берүүнүн негизги программасындагы жана кесипкөй мыкты адисти даярдоодогу студенттердин өз алдынча иштеринин мааниси белгиленди.

Көргөзмө– конференцияда студенттердин теоретикалык билимдерине таянып даярдаган  органдардын, органдар системасынын, ал эмес экосистемалардын моделдери көргөзмөгө коюлду. Студенттер “Таштандынын экинчи жашоосу”, - аттуу моделдештирүүлөрү, өз алдынча иштеринин чыгармачылыгы, блиц-интервьюлары, санариптик жол менен даярдалган видео-презентациялары б.а. 40 тан ашык студенттердин өз алдынча иштери көргөзмөгө коюлуп, кызуу талкууланды.  Бул иш чарада доц. К.Ш.Абдыкеримова,  проф.м.а., Бейшеналиева С.Т., ага окутуучулар Ж.А.Андакулова, Н.Д.Ниязова жана А.К.Боогачиевалар жетектеген студенттердин өз алдынча иштери башкалардан айырымалангандыгы жана теоретикалык негизделгендиги менен баса белгиленди.


Top