БИОЛОГДОР ЭЛ АРАЛЫК БИОЛОГИЯЛЫК КОНГРЕССКЕ КАТЫШЫШТЫ
Posted By: Admin Дата: 2022-05-24 11:34:15 Просмотров:2358

18-майда Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын проф.м.а., б.и.к. Бейшеналиева С.Т., п.и.д., проф.м.а. А.К. Чалданбаева жана б.и.к., проф.м.а. Г.А.  Шаршеналиевалар «II ЭЛ АРАЛЫК БИОЛОГИЯЛЫК КОНГРЕССКЕ» катышышты.

«Биомедицина» секциясынын отурумунда проф.м.а.Бейшеналиева С.Т., «Influence of Laparotomy Cholecystectomy on the Indicators of Lipid Peroxidation and Activity of Antioxidant Defense Enzyme in Patients with Acute Cholecystitis», «Influence of Рeptide Bioregulators on Indicators of Hemostasis in the Blood of Irradiated Experimental Animals» аттуу темаларда доклад жасады. 

II Эл аралык БИОКОНГ.МАНАС 2022 Конгерссинин максаты заманбап биологиялык изилдөөлөрдүн акыркы жыйынтыктарын жарыялоо, аларды практикалык колдонууну сыноо мүмкүнчүлүгү, илимий коомчулуктун көңүлүн буруу, заманбап биология илиминин глобалдык проблемаларын талкуулоо,

Эл аралык кызматташууну кеңейтүү болду. 


Top