Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында И. Арабаевдин 140 жылдыгына карата «Жаш мугалимдин негизги көйгөйлөрү» аттуу темада кереге отурум өттү
Posted By: Admin Дата: 2022-12-06 18:17:08 Просмотров:1078

6-декабрда Биология жана химия факультетинин Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында И. Арабаевдин 140 жылдыгына карата «Жаш мугалимдин негизги көйгөйлөрү» аттуу темада кереге отурум өттү.  

Аталган иш чарага Билим берүү программаларынын сапаты жана окуу усулдук ишмердүүлүктү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы проф.м.а. Досаалы Иманбердиев, п.и.д., проф. Маматкан Чоров, бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү боюнча иснпектор паспортистА. Каргалдаева, факультеттин бүтүрүүчүлөрү, студенттери жана факультеттин жалпы профессордук-окутуучулар курамы катышышты.

Аталган темада катышуучулардын арасында негизги билим берүү программасына, окуу пландарына толуктоолорду киргизүү боюнча  кызыктуу талкуулар жүрүп, сунуштар айтылып, кереге отурумдун резолюциясы кабыл алынды. Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын чечими менен факультеттин окуу-усулдуккомиссиясына резолюция жолдонду. Анда каралган негизги маселелер: жогорку класстарда биология сабактары заманбап кесиптерге багытталып окутулуусуна жогорку окуу жайлардын окуу планында эске алынышы, теориялык сабактарга караганда практикалык сааттардын үлүшүн көбөйтүү, кырдаалдарды түзүп сабак өтүү, өспүрүмдөрдүн психологиясы боюнча сабактардын кошулушу ж.б. сунуштар айтылды.


Top