Биология жана химия факультетинде
Posted By: Admin Дата: 2017-11-27 12:47:42 Просмотров:13130

   25-ноябрда Биоартүрдүүлүк кафедрасынын 2-курсунун студентеринин (Бб-13-15, Бр-11-15 группалары)  катышуусу менен доцент Г.Ж.Сазыкулованын жетекчилиги астында “Ашкабак күнү” деген аталыштагы илимий ийрим өткөрүлдү. Ийримде кыргыз, орус тилдеринде баяндамалар окулуп, анда ашкабактын систематикасы, таралуу ареалы, көп өстүрүлгөн түрлөрү сүрөттөрү менен көрсөтүлүп, ашкабактын маңызынын, уругунун, жалбырак, гүлдөрүнүн химиялык курамы, алардын пайдалануу ыкмалары жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.

Ашкабакка арналган көркөм ырлар окулуп, көрүүчүлөргө табышмактар айтылды.

Соңунда, студенттер ашкабактын жардамы менен жасалган кол эмгектердин жана тамак-аштардын жарманкесин өткөрүштү.


Top