Биология жана химия факультети академиялык мобилдүүлүк уюштурду
Posted By: Admin Дата: 2019-10-17 16:07:51 Просмотров:13054

И.Арабаев атындагы КМУнун  Биология жана химия факультетинде 2019-2020- окуу жылынын 1-жарым жылдыгы үчүн 2019-жылдын 2- сентябрынан 26- октябрына чейин пландуу өтүлүүчү  жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессордук- окутуучулар курамынын академиялык мобилдүүлүгү уюштурулду.

Анда “Табыгый илимий билим берүүнүн методикасы” предмети боюнча  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө- корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору профессор Э. Мамбетакунов конок лектор катары чакырылды.

550 100 “Табыгый - илимий билим берүү” багытынынан билим алып жаткан  студенттер, окуутуучулар жана методистер үчүн  ачык лекция окулду.

Орто мектептерде “Табыгый-илимий билим берүүнү стандартташтыруудагы көйгөйлөр” деген лекция кызыгуу менен кабыл алынды жана  талкууланып турду.


Top