Биофакта кафедра башчысы конференция уюштурду
Posted By: Admin Дата: 2019-11-23 14:03:52 Просмотров:15257

2019-жылдын 21-ноябрында Биология жана химия факультетинин проф. М. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 2018-2019 окуу жылында өткөрүлгөн окуу-талаа практикасынын жыйынтык конференциясы №1 окуу залында болуп ɵттү. 

Конференцияны кафедра башчысы б.и.к., доц. С.К. Кендирбаева ачып, окуу-талаа практикасынын максатына жана милдеттерине токтолду. Окуу-талаа практикасы жалпы ботаника, омурткасыздардын жана омурткалуулардын зоологиясы, өсүмдүктөрдүн систематикасы дисциплиналары боюнча 1-3 курстун студенттерине өткөрүлдү.

Окуу талаа практикасы учурунда студенттер байкоо жана эксперименттерди жүргүзүүнүн негизинде, биологиялык материалдарды чогултуу менен лекциялык, практикалык сабактарда алган теориялык билимдерин тереңдетишет, бекемдешет. Студенттер талаа шартында илимий изилдөө иштердин усулдарын өздɵштүрүшкɵнүн, жергиликтүү түрлөр менен таанышышканын билдиришти. Ошону менен бирге эле айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка, тирүү организмдерге аяр мамиле кылуу көндүмдөрү да калыптандырылды.

Окуу-талаа практикасынын жыйынтык конференциясына университеттин инновация, аккредитация жана аттестация бɵлүмүнүн башкы адиси б.и.к, проф.м.а. Атанаев Токтосун Бегалиевич, университеттин практика боюнча жетекчиси доц. м.а. Шамшиев Тойчубек Сатыбаевич, факультеттин деканы п.и.д., профессор Чоров Маматкан Жетимишович, Нарын областынын Б.Календеров атындагы орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары жана факультеттин окутуучулар курамы катышышты. Практиканын кɵргɵзмɵсүндɵ студенттер ɵздɵрүнүн кичи тайпаларында иштеген ɵз алдынча иштерин коргошту.

 


Top