Биофакта профилдик практика боюнча “Кесипке карай кадам”,- аттуу жыйынтыктоочу илимий конференциясы болду
Posted By: Admin Дата: 2019-12-10 10:32:46 Просмотров:12131

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинде Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти М.Т.Кырбашованын жетекчилиги менен уюштурулган 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасы боюнча “Кесипке карай кадам”,- аттуу жыйынтыктоочу илимий конференциясы болуп өттү.

Методистер - Н.О.Казакова, Ж.А.Андакулова, Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доц. Г.К.Насирдиновалардын методикалык колдоосу менен практикага тиешелүү иш чараларды студенттер аткарышты.

Конференцияга И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Инновация жана билим берүү программасы борборунун башчысы, проф. Т.Б.Атанаев,университеттин практика боюнча жетекчиси; доц. Т.С. Шамшиев; факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттер катышышты.

Кесиптик-профилдик педагогикалык практиканын алкагында уюштурулган студенттик, илимий-педагогикалык конференцияда студенттер теориялык алган билимдерин практикада кандай колдонгондугун талдоо менен кызыктуу, илимий докладдарды окутуучулар менен биргеликте талкуулашты. Студенттер “Биология” предмети боюнча мектептин мамлекеттик стандартында берилген мазмундуу катарлардын негизинде сабактарды кандай өтүп келгендиктерин талкууга коюшту.

Илимий-педагогикалык конференция 2 бөлүктөн туруп, докладдардан тышкары студенттер педагогикалык практика учурунда колдонулган көрсөтмө куралдардын жана педагогикалык практика боюнча чогултулган портфолиолордун, фотоальбомдордун көрсөтмөсүн уюштурушту. Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, б.и.к., проф. м.а. Г.А Шаршеналиева педагогикалык практиканын билим берүү программасы түзүлүп, андагы компетентүүлүктөрдү калыптандырууда кандай иш чаралар уюштурулуп жаткандыгына токтолду.

Конференциянын жыйынтыгында факультеттин деканы, п.и.д., проф. М.Ж.Чоров педагогикалык практикага өзгөчө көңүл бурулуп жатканына жана акыркы жылдары бул багытта алгылыктуу иш чаралар уюштурулуп, педагогикалык практикага коюлган талаптар аткарылып жаткандыгын баса белгиледи.
Сөзүнүн акырында уюштурулган конкурска ылайык, артыкчылыктарга ээ болгон студенттерге университеттин Ардак грамотасын тапшырды. Студенттердин докладдары илимий басмаларга сунушталды.


Top