Биология жана химия факультетинин 1-курстарынын студенттеринин арасында “Брейн-Ринг” интеллектуалдык оюн уюштурулду
Posted By: Admin Дата: 2020-01-08 09:11:19 Просмотров:14574

Жаңы жыл алдында И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин 1-курстарынын студенттеринин арасында “Брейн-Ринг” интеллектуалдык оюн уюштурулду. Оюнга Бб-13-19;  Хб-13-19; Бк-11-19; Б-1-19 жана Хк-11-19 тайпаларынын  5 командасы катышышты

“Брейн-Ринг” оюнунун программасы 4 раунддан түзүлгөн:

  1. Блиц суроолор;

  2. Тармактуу жана тематикалык суроолор;

  3. Кругозордуу варианттуу суроолор;

  4. Башкатырмалуу жана логикалык суроолор.

Мындан сырткары “Сырдуу сандык” берилди.

Командалар арасында тайамашууну факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана университеттин психология кафедрасынын ага окутуучусу Кожогелдиев А.С. калыстар тобу баалашты.

Жеңичүү командалар 1-3 орунга ээ болушту жана  факультеттин грамотасы, ыраазычылык каттары менен  сыйланышты. Мындан сырткары активдүү өзүнүн компетенттүүлүгүн көргөзө алган студенттер окутуучулардын окуу китептери, окуу-методикалык куралдары,  ж.б.  белектер берилди.

Брейн-Ринг оюунун уюштуруучулары факультеттин 2-курсунун Хб-13-18 тайпасынын студенттери.


Top