И. Арабаев атындагы КМУда химия сабагы боюнча эл аралык олимпиада өтөөрү пландалууда
Posted By: Admin Дата: 2020-01-15 12:16:48 Просмотров:14760

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин окуу жана тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Гладилин Александр Кириллович менен жолукту.

Жолугушууда эки университеттин ортосундагы илимий кызматташтыкты артыруу, ошондой эле быйыл 2020- жылы И. Арабаев атындагы КМУда химия сабагы боюнча студент, магистранттар арасында эл аралык олимпиада өткөрүүнү пландашты.

Жолугушууга И. Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Коңурбаев Тууганбай Абдрахманович, Окуу башкармалыгынын башчысы Капалбаев Октябрь Эркинович жана КМУнун Биолгия жана химия факультетинин деканы Маматкан Чоров башкарган факультеттин окутуучулар курамы катышышты.

Москва мамлекеттик университетинин өкүлү Гладилин Александр Кириллович катышуучуларга өзүнүн атайын даярдалган слайд- шоусун көрсөтүп, олипиаданын жүрүшү боюнча маалымат берди.

Эске салсак, Гладилин Александр Кириллович баштаган илимий курам буга чейин дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө бир канча ирет химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадаларды өткөрүшкөн. Бул ирет Кыргызстанда, И. Арабаев атындагы КМУда өткөрүүнү пландап жатышканын билдирди.

 


Top