Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев менен болгон жолугушуу абдан кызыктуу өттү
Posted By: Admin Дата: 2020-02-06 17:54:55 Просмотров:15444

2020-жылдын 5-февралында И.Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин окутуучулары, аспиранттары, магистранттары жана студенттери ССРдин спортуна эмгек сиңирген ишмер, оор атлетика боюнча СССРдин, Европанын эки жолку, дүйнөнүн төрт жолку, 1980-жылкы олимпиаданын чемпиону, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, машыктыруучу, “Эмгек кызыл туу” орденинин, Даңк медалынын, 1-даражадагы Манас орденинин ээси Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич менен жолугушушту.

Атактуу инсан менен болгон жолугушуу кечесин Биология жана химия факультетинин деканы, профессор М.Ж. Чоров уюштурду. Аталган кече университеттин Ч. Айтматов атындагы чоң жыйындар залында абдан жакшы маанайда өттү.

Жолугушууда кыргыздын атын кыйырга даңазалаган баатыр Каныбек Осмоналиев жашоодогу өзүнүн жетишкен ийгиликтери, ийгиликке жетүүдөгү талыбас аракеттери, басып өткөн жолу тууралуу кеңири маек куруп берди. Ошондой эле студенттер үчүн абдан керектүү жана кызыктуу, таалим- тарбиялык мааниси өтө жогору турган акыл-насааттарын айтты. Ата-эне тууралуу, ата- эненин ыйыктыгы, эненин балага болгон мээрими жөнүндө айткандары жыйынга катышкан ар бир жарандын ата- энеге болгон урмат- сыйын арттырды деген ойдобуз.

Айтор, кадырлуу конок студенттердин берген суроолорун жоопсуз калтырган жок, баардыгына толук жооп берди.

Жыйындын соңунда И. Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Т. А. Коңурбаев К. О. Осмоналиевге университеттин “Ардактуу профессору” деген дипломду тапшырып, убактысын бөлүп, студенттер менен жолугуп кызыктуу маек куруп бергени үчүн окуу жайдын жетекчилигинин атынан ыраазычылыгын билдирди жана мындан ары да бат- бат келип студенттер менен жолугушуп туруусун өтүндү.

 


Top