Биология жана химия факультети улуттар аралык достукту бекемдөөгө арналган фестиваль өткөрдү
Posted By: Admin Дата: 2020-02-22 12:55:56 Просмотров:17382

18-февралда Биология жана химия факультетинде тайпалар арасында 1-2-курстардын студенттери даярдаган  “Сколько языков ты знаешь – столько раз ты человек” аттуу эл аралык тилдер күнүнө арналган фестиваль болуп өттү.

 Фестивалга Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Казахстан, Азербайджан, Грузия, Туркменстан  жана Таджикистан мамлекеттеринин улуттук кадаа-салттарын, мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын, ырларын, бийлерин, дубал газеталарын  жана улуттук тамак-аштарынын көргөзмө конкурсун  көрсөтүштү. 

Фестивалдын максаты бугүнкү күндө актуалдуу темалардын бири болгон улуттар арасындагы достукту чыңдоо болду.

Акыркы жылдары Биология жана химия  факультетинде ар кайсы улуттун студенттери билим алышууда. Мисалга: Туркменстан, Таджикистан, Казахстан, Өзбекстан жана башка улуттардын өкүлдөрү. Ал эми болуп өткөн фестиваль филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары, ага окутуучу Г. Ж. Сыдыгалиеванын, окутуучу М. Кариеванын жетекчилиги менен уюштурулду. 

Иш-чаранын уюштуруу программасына ылайык, калыстар тобунун курамын факультеттин деканы, профессор М.Ж. Чоров, университеттин Илимий китепканасынын директору Н.А. Давлетярова, филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын кафедра башчысы Т. Т. Шамурзаева жана жаштар комитетинин кызматкери Ж.Дж.Мамбетовалар түздү. Жеңүүчүлөр факультеттин ардак грамотасы менен сыйланышты.

 

 


Top