М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын кезектеги отуруму болуп өттү
Posted By: Admin Дата: 2020-04-24 11:26:42 Просмотров:6495

2020-жылдын 17-апрелинде саат 1400 дө И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын кезектеги №8 отуруму кафедра башчысы, б.и.к., доцент С.К. Кендирбаеванын уюштуруусу менен on line режиминде болуп өттү.  

Оn line oтурумга кафедранын бардык мүчөлөрү катышышып, күн тартибинде каралган маселелерди талкуулашты. Алсак, карантин учурунда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге жана магистранттарга дистанттык түрдө өтүлүп жаткан сабактардын жүрүшү, студенттер менен магистранттардын катышуусу, жетишүүсү, өз алдынча иштерди жана модулдарды убагынан кечиктирбей тапшыруусу, окуу акысын төлөөсү, сабак өтүүнүн сапаты,  жаралган көйгөйлөр боюнча профессордук-окутуучулар курамы кеңири билдирүү жасашты.

Мындан сырткары, бүтүрүүчү квалификациялык иштердин аткарылуусу, илимий макалаларды жарыкка чыгаруу тууралуу илимий жетекчилер маалымат беришти.  Ошондой эле күн тартибинде план боюнча каралган (жайкы окуу-талаа практикасын өткөрүү шарттары, студенттерди илимий ишке тартуу, мамлекеттик аттестациянын программаларынын даярдыгы ж.б.) маселелер боюнча пикир алмашышты.

Отурумдун соңунда кафедра башчысы учур талабына ылайык санариптик технологияны колдонуу менен онлайн сабактарды активдүү өтүп жаткан ар бир окутуучуга ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалоо менен отурумду жыйынтыктады.


Top