Кафедрада тажрыйба алмашуу үчүн уюштурулган онлайн ачык лекция
Posted By: Admin Дата: 2020-04-29 15:00:08 Просмотров:6424

2020-жылдын 15-апрелинде саат 1600 дө Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу Райхан Акжолтоеванын ботаника дисциплинасынан Бб-13-19, Бк-11-19 тайпаларына Zoomплатформасын колдонуп Оn line режимде жогорку методикалык чеберчиликте, инновациялык усулдарды колдонуу менен “Урук: түзүлүшү, кызматы” аталыштагы ачык лекциялык сабагына кафедра мүчөлөрү катышышты. Ачык лекция кафедранын окутуучуларынын окуу-методикалык комиссиясынын 2-жарым жылдыкка пландаштырылган ачык сабактарынын планы менен өтүлдү.

Онлайн ачык лекциянын жүрүшүндө лектор уруктун ар түрдүүлүгү, классификациясы түзүлүшү, кызматы жана мааниси тууралуу көрсөтмөлүүлүк менен даярдалган слайддарды колдонуп өттү. Сабактын аягында студенттердин алган билимдерин бышыктоо үчүн тесттик тапшырмаларды  колдонду.

Лекциянын аягында кафедранын окуу-методикалык комиссиясынын төрайымы доц. Абдыкапарова А.О., мүчөлөрү доц. Абдрахманова Б.С., доц. Сазыгулова Г.Ж. жана кафедранын башка мүчөлөрү онлайн чогулуп, ачык сабактын жүрүшү, илимий теориялык маалыматтардын берилиши, студенттердин ишмердүүлүгү, лектордун даярдыгы, предмет аралык байланыштар жана башка меселелер боюнча пикирлерин айтышып, ой бөлүшүштү


Top