Онлайн сабактарга өз ара катышуу, сабактын сапатын жогорулатууга болгон чоң кадам
Posted By: Admin Дата: 2020-04-29 17:42:34 Просмотров:11383

2020-жылдын 25-апрелинде саат 1400 дө Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доц.м.а., б.и.к. Кармышова Үмүт Жолдошевнанын “Жалпы ботаника” дисциплинасынан Б-1-19 тайпасына Zoomплатформасында Оn line режимде өткөн “Уруктун түзүлүшү жана өнүп өсүшү” аталыштагы лабораториялык сабагына  кафедра мүчөлөрү өз ара катышышты. 

Бул өз ара катышуу сабагы кафедранын окуу-методикалык комиссиясынын планына ылайык өтүлдү. Онлайн сабакка кафедранын мүчөлөрү активдүү катышышып, өз ой-пикирлерин айтышты.

              Онлайн-практикалык сабактын жүрүшүндө окутуучу студенттердин лекцияда алган билимдерин суроо-жооп иретинде текшерүү менен өсүмдүктөрдүн уруктары боюнча даярдалган коллекцияны, алдын ала өндүрүлгөн уруктарды, көрсөтмөлүүлүк менен даярдалган слайдды колдонуп, билимдерин бекемдеди.

             Студенттер да өз кезегинде алдын ала берилген тапшырмалардын негизинде үй шартында өз колдору менен жасаган тажрыйбаларын көрсөтүшүп, практикалык сабакта алган билимдерин бышыкташты.


Top