Биология жана химия факультети аралыктан окутуу ишин ийгиликтүү жүргүзүүдө
Posted By: Admin Дата: 2020-05-01 23:47:17 Просмотров:8078

И.Арабаев атындагы КМУнин Биология жана химия факультетинин Жалпы биология кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы өзгөчө кырдаалдар жарыяланган күндөн баштап эле  аралыктан окутуу процессин ийгиликтүү алып барышууда. Факультеттин деканы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамат Жетимишович Чоровдун жетекчилиги астында кафедра башчысы, биология илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Шаршеналиева Гүлнара  Алтымышовнанын  уюштуруусу аркылуу төмөндөгүдөй алгылыктуу окуу, окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык иштер аткарылууда.

Ар бир предмет боюнча студенттердин WatsApp топтору түзүлдү. Кафедранын кураторлору тарабынан студенттердин ушул кырдаалда кайда экендиктери такталып, аралыктан окутууга шарттары бар экендиги аныкталып, консультациялар берилди.

Окуу иштери AVN порталы,   zoom. us, google. classroom, WatsApp  аркылуу жүргүзүлүүдө. Кафедранын мүчөлөрү ар бир тема боюнча аралыктан окутуунун өзгөчөлүктөрүнө ылайык сабактарды кайрадан окуу-усулдук жактан иштеп чыгышты.

Мисалы, профессор Ч.С.Давлетова “Эволюциянын теориясы”, - предметинен кызыктуу лекцияларды окуса, ага окутуучу Нурифер Дүрбөлөңовна Ниязова  “Молекулалык биология” жана “Микробиология вирусологиянын негиздери” предметтеринен үй шартында аткарыла турган  практикалык иштердин жүрүшүн иштеп чыгып, практикалык сабактарды аралыктан окутууда.

Профессордун милдетин аткаруучулар Г.А.Шаршеналиева жана С.Т.Бейшеналиева, доценттер М.Т.Кырбашова, Р.С.Ногойбаева, С.О.Акуновалар бакалаврларга жана магистранттарга лекция окуу менен катар магистранттардын илимий иштерине жетекчилик кылууда. Ал эми ага окутуучу Ж.А.Андакулова студенттердин педагогикалык практикасына, аралыктан окутуунун шартына ылайык жекече план иштеп чыкты. Кураторлор Н.О.Казакова жана А.К.Боогачиева карантиндин шартында өзүн кандай алып жүрүү керек, коопсуздук эрежелери, тобокелдиктер боюнча тарбиялык сааттарды өтүштү.

Кураторлук сааттын алкагында  А.К.Боогачиеванын жетекчилиги астында  2-курстун студенттери “челендж” даярдашты.

Ал социалдык баракчаларда жарыяланды. Ошондой эле бул аралыкта кафедранын кезектеги жыйыны дагы on-line режиминде өткөрүлдү. Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын жамаатына зор ийгиликтерди каалап, педагогикалык чыгармачылыктарын арттыра беришине тилектешпиз. 


Top