Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучусу ачык сабак өттү
Posted By: Admin Дата: 2020-05-02 00:09:45 Просмотров:12228

И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучусу Айжан Качкынбековна Боогачиева аралыктан окутуу шартында zoom.us  платформасын колдонуп “Экология” предмети боюнча “Биосфера жана ноосфера, алардын түзүлүшү жана айырмачылыктары”, - деген темада ачык, семинардык сабак өттү.

Бул уюштурулган окуу-усулдук иш-чара ачык сабактардын бекитилген графигине ылайык өтүлдү. Сабакка факультеттин окуу-усулдук комиссиясынын төрайымы, доцент  А.О.Абдыкапарова, декандын орун басары, доцент Г.С.Усенгазиева, кафедра башчысы, профессор Г.А.Шаршеналиева, кафедранын окуу-усулдук комиссиясынын төрайымы, профессор С.Т.Бейшеналиева жана кафедранын мүчөлөрү катышты.

 Сабактын окуу-усулдук түзүлүшү,  окутуучунун сабактын өтүшү, студенттер менен болгон кайтарым байланышы ж.б. көрсөткүчтөр жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы тууралуу пикирлер кафедранын окуу-усулдук комиссиясынын on-line режимде өткөн кеңешинде талкууланды. Мындай тажырыйба кафедрада биринчи жолу уюштурулганын белгилей кетмекчибиз.


Top