ЖАЛПЫ БИОЛОГИЯ ЖАНА АНЫ ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯСЫ КАФЕДРАСЫНЫН ОКУУ-УСУЛДУК КОМИССИЯСЫНЫН АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕЗГИЛИНДЕГИ ИШТЕРИ БОЮНЧА ОТЧЕТУ
Posted By: Admin Дата: 2020-05-14 11:36:19 Просмотров:11551

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы окуу-усулдук иштерин жыл башында жеке  планында кандай пландаса ошол багытта эле улантууда. Онлайн шартында дарстык жана практикалык, семинардык сабак өткөрүү үчүн дарстын, практикалык жана семинардык сабактардын материалдары  кайрадан түзүлүп даярдалды.

Практикалык сабактарды үй шартында өткөрүүнүн шарттары аныкталып, иштин жүрүшү даярдалып студенттерге сунушталды. Мисалы, слайддар, презентациялар, графикалык тесттер, тесттик тапшырмалар  микропрепараттардын  электрондук сүрɵттɵрү  ж.б.

 520 200 «Биология» багытынын 1-курсунун Б-1-19 тайпасынын студенттерине “Экология” дисциплинасынан “Биосфера жана ноосфера, алардын түзүлүшү”, - деген темада кафедранын окутуучусу А.К. Боогачиева ачык семинардык сабагын  Zoom программасы менен он-лайн өткөрдү. Сабакта “Мээге чабуул”, “Баалоо критерийлери”, “Дисскуция”, “Алтын эрежелер” интерактивдүү стратегиялары колдонулду. Сабак талкууланып,  анализденип эң жогорку деңгээлде өткөндүгү, студенттердин профессионалдык компетенцияларга ээ болуусуна шарт түзөөрү, инсанга багытталган билим берүү талаптарына толук жооп берээри жана максатына жеткендиги белгиленди, ошондой эле, сабактын жыйынтыгы 42 упай деп бааланды (Токтом №6, 28-апрель 2020 жыл).


Top