Ага окутуучу Н.Д.Ниязова пландалган сабагын кызыктуу өттү
Posted By: Admin Дата: 2020-05-14 13:09:42 Просмотров:12477

2019-2020-жылдын 2-жарым жылдыгында Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Н.Д.Ниязовага өз ара сабак өтүү иши тапшырылган.  Анын алкагында ага окутуучу пландалган сабагын абдан кызыктуу кылып өттү.

Тактап айтканда, Online режиминде Zoom платформасынын жардамы менен «Молекулалык биологиянын негиздери» предмети боюнча Бб-13-16 тайпасынын студенттерине «Дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК) биосинтези» деген темада сабагын уюштурду.

Аталган  лабаратордук сабакта окутуунун баардык структурасы камтылып,  маалыматтык слайддар, интерактивдик ыкмалар колдонулуп, страгияны көрсөткөн “Эки беттүү күндөлүк”, “Рефлекция”, “Баалоо критерийи” көргөзүлдү.  

Башкача айтканда сабак абдан илимий проблемалуу болду.

Ошондой эле окутууда өсүмдүк клеткаларынан дезоксирибонуклеин кислотасынан (ДНК) бөлүп алуусу көргөзүлүп, студенттер ага окутуучу тарабынан берилген лабараториялык иштин методикасы боюнча үй шартында өздөрү аткарган лабараториялык иштердин видеосун, слайддарын жана сүрөттөрүн көргөзүштү. Жыйынтыгында болуп өткөн окуу иши  талкууланып,  анализденип эң жогорку деңгээлде уюшулгандыгы, студенттердин профессионалдык компетенцияга ээ болуусуна шарт түзөөрү жана сабак өз максатына жеткендиги белгиленди.(Токтом №8, 11-май 2020 жыл).


Top