Биология жана химия факультетинде АБИТУРИЕНТ-2020 «Ачык эшиктер» күнү уюштурулду
Posted By: Admin Дата: 2020-05-26 13:09:53 Просмотров:13668

21-майда саат 10:00 дө Биология жана химия факультетинде «Абитуриент-2020» алкагында «Ачык эшиктер» күнү Онлайн режиминде ZOOM платформасы аркылуу уюштурулду.

Иш чараны факультеттин деканы п.и.д., профессор М.Ж.Чоров ачып, факультеттин жетимиш жылдык тарыхындагы “Табигый-илимий билим берүү”, “Биология” жана “Химия” багытындагы адистерди даярдоодогу тарыхына, факультеттеги буга чейинки жетишкендиктерге, азыркы учурдагы абалга токтолуп, басым факультетте табигый илимдерге жасалаарын айтты. Буга чейинки болуп өткөн аккредитациянын жыйынтыгы көрсөткөндөй, факультетти аяктаган бүтүрүүчүлөр баары болбосо да, дээрлик көпчүлүгү иш менен камсыз болуп жатканын кошумчалады. 

Вебинардын башталышында факультеттеги заманбап шартта окутулуп жаткан окуу процессстери, тарбия иштери, илимий, коомдук жана маданий–массалык иштерди чагылдырган кыскача видео-ролик кɵрсөтүлдү.

Окуу процессинде өтүлүүчү окуу-талаа, окуу-изилдөөчүлүк, өндүрүштүк практикалар Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жогорку деңгээлде өткөндүгү жөнүндө сөз болду. Андан соң вебинар эркин форматта, суроо-жооп иретинде ɵттү.

Жалпы катышуучулардын саны - 51. Ар бир катышуучу ТИББ, биология жана химия мугалимдерин даярдоодогу кызыктуу суроолорду беришип, ɵздɵрү канаагаттана ала турган жоопторун алышты.

«Ачык эшиктер» күнүнɵ Кыргызстандын баардык аймактарынан, алсак: Бишкек шаарынын Камбаралы Бобулов атындагы №88; Барпы Алыкулов атындагы №42; Жалил Садыков №84 мектептеринин окуучулары жана мугалимдери; Аксы районунун №47 Кожобеков атындагы орто мектебинин директору З.Камчыбеков; Жалал-Абад облусунун Казарман айылынын №13 М.Жаныбаев атындагы орто мектебинин; Ала-Бука районунун биолог мугалими Онолбаева Толгонай; Сыны орто мектебинин А.Молдокеев атындагы мектеп директору А. Молдобаев; Сокулук районунун Ново-Павловка; Ысык-Ата райондук билим берүү бɵлүмүнүн биолог методисти А.Т. ачкынбаева, Кемин районунун Кара-Булак; Бейшеке; Боролдой; Жаны-Алыш орто мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окучуулары жана мугалимдери активдүү катышышты.

Вебинарда быйылкы окуу жылында абитуренттерди кабыл алуу Онлайн форматта ɵтɵ тургандыгына байланыштуу баардык маалыматтарды arabaev.kg сайтынан кеңири жана жеткиликтүү ала тургандыктары эскертилди.

Андан сырткары бүтүрүүчү класстардын (9 жана 11-класстардын) окучууларына биология жана химия багыттары боюнча Онлайн-форматта ɵтɵ турган олимпиадага катышуу жɵнүндɵ маалымат берилди. Онлайн-олимпиаданын жеңүүчүлɵрүнɵ университет тарабынан каралган жеңилдиктер презентация менен кɵрсɵтүлдү.
Келечекте аталган факультеттин бүтүрүүчүлөрү билим берүү системасында, жаратылышты коргоо уюмдарында, илимий-изилдөө институттарында, санитардык-эпидемиологиялык тармактарда, кайра иштеп чыгаруучу өндүрүштөрүндө жана продукциянын коопсуздугун тастыктоо лабораторияларында ж.б. мекемелеринде иштей ала тургандыгы жөнүндө катышуучулардын суроолоруна жооптор берди. Вебинардын соңунда факультеттин деканы М.Ж.Чоров “Кесипти туура тандоо - келечектин күзгүсү” экендигин бүтүрүүчүлɵргɵ мотивация катары айтып, ТИББ, биология жана химия багытына тапшыра турган абитуриенттерге үгүттɵɵ иштерин жүргүздү. Биология жана химия факультеттинин эшиги быйылкы бүтүрүүчүлɵр үчүн дайыма ачык экендигин жана кучак жайып күтүп аларын чоң ишеним менен айтып, Онлайн жолугушуу вебинарын жыйынтыктады.

 

 

 

 

 

 


Top