Биология жана химия факультетинде ачык сабактар өтүлүүдө
Posted By: Admin Дата: 2020-09-14 09:24:02 Просмотров:11222

И.Арабаеватындагы Кыргызмамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинин Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, биология илиминин кандидаты Бейшеналиева Салкын Турсуналиевна 12-сентябрда 550100 “Табигый-илимий билим берүү” багытындагы “Биология” профилиндеги “Биохимия” дисциплинасынан “Ферменттер” аттуу темада 4-курстун Бб-13-17 тайпасынын студенттерине онлайн-ачык сабагын өткөрдү.

Дарс окууда баардык коммуникациялык каражаттар жана интерактивдүү стратегиялар пайдаланылды. Дарс презентация жана видеолор менен коштолду.

Ачык дарста сабактын структурасы сакталды, илимий, системалык жана жеткиликтүү принциптер камтылды, “Каталаза ферментинин активдүүлүгү” деген темада үй шартында эксперименталдык тажрыйба жасап көрсөтүлдү. Сабак азыркы учурдун талабына ылайык эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.


Top