Биология жана химия факультетинде онлайн-педконференция өттү
Posted By: Admin Дата: 2020-09-23 09:50:45 Просмотров:10066

2020-2021-окуу жылынын башталышы биология жана химия факультетинин күндузгү окуу формасынын 2-4 –курстарынын адаптациялык, кесиптик-базалык жана кесиптик-профилдик практикаларын тактоо менен коштолду.

Ал үчүн студенттер менен факультет мугалимдеринин, тактап айтканда жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы,  химия жана аны окутуунун технологиясы кафедраларынын методисттери, психология жана педагогика кафедраларынын окутуучуларыстуденттер  менен онлайн конференция өткөрүштү.

Ага студенттер толук катышышты. Студенттердин суроолоруна методисттер, педагогдор жана психологдоркеңирижооп беришти,  практика учурунда онлайн-консультациялар бекитилген жүгүртмөнүн негизинде жургүзүлө тургандыгы баса белгиленди.

Эске сала кетсек, өлкөдөгу кырдаалга байланыштуу студенттеручурда  практикаларын жашаган жерлеринде өткөрүп жатышат.

 


Top