Университетте студенттер үчүн факультеттер аралык интеллектуалдык оюн уюштурулду
Posted By: Admin Дата: 2020-11-30 10:50:36 Просмотров:11292

Кыргыз мамелекеттик университетинин студенттери үчүн факультеттер аралык интеллектуалдык оюну  2020-жылдын 21-ноябрында «Билим деген түгөнбөгөн жол тура, Билгенимден билбегеним көп тура»   аттуу университеттин Билим министри  Шайлообекова Айзада тарабынан уюштурулган  факультет  аралык интеллектуалдык оюнда  биология жана химия факультетинин "Вундеркинддер" командасы 1-орунга  ээ болушту.

 Оюндун шарты боюнча ар бир факультеттен 4 оюнчудан турган  бир команда чыкты.  Оюн 3 тур менен өттү. 1-тур  WhatsApp; 2-тур  Jitsi Meet; 3-тур  Telegram  аркылуу болду.

1-раундда WhatsApp аркылуу логикалык 15 суроо берилип 6 упайга ээ болушту.

2-раундда Jitsi Meet аркылуу  команданын ичинде ар бир катышуучуга бирден Кыргызстандын географиясы, Кыргызстандын тарыхы жана кыргыз дүйнөсүн камтыган суроолор берилди  – 2 упай;

3 – раундда Telegram   аркылуу бардык командага жалпы 5 суроо берилип, логикалык жана Манас таануу, жаныбарлар дүйнөсүнөн – 2 упай. Кошумча суроодон дагы 1 упай алышып, 11 упай менен 1-орун алып, жеңишке ээ болушту.

Команданын курамы:

Команданын капитаны:

Русланова Баяна (Хб-13-18 тайпасы),

Мүчөлөрү:

Умотбекова Асел (Бб-13-20 тайпасы)

Маматбакы кызы Таттыгүл (Хб-13-19 тайпасы)

Аскарбекова Айдана ( Бб-13-19 тайпасы)

 Исмаилбекова Жаңыл (Б-1-20 тайпасы).

Биология жана химия факультети сыймыктануу менен сиздерди куттуктап дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз.


Top