Биология жана химия факультетинде ак калпак күнүнө арналган иш чара өттү
Posted By: Admin Дата: 2021-03-12 13:12:07 Просмотров:10979

 5-мартта И.Арабаев атындагы  КМУнун биология жана химия факультетиндеги проф. М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доц. м.а. Сапарбаева Уулай Чымыровна куратордук кылган Бб-13-19; Бк-11-19 жана Б-1-19 группаларынын студенттеринин катышуусунда бүгүнкү Калпак күнүнө арналган “Ала-Тоомду элестеткен Ак калпагым” аттуу ачык куратордук саат өттү.

Куратордук сабакка аталган кафедранын окутуучулары доц. м.а. Кармышова Ү.Ж., доц. Абдыкапарова А.О., ага окутуучу Нурманбетова А.Т. жана  химия кафедрасынын ага окутуучусу Сатывалдиева Г. Э. катышышты.

         Студенттер Ак калпак күнүнө арналган слайддарды, өздөрү жазган ырларды, эсселерди окуп беришти. Калпактын пайда болуу тарых-таржымалы айтылып, анын жасоо ыкмаларына да токтолушту.

         Куратор сабактын аягында улуттук баш кийимибиз калпактын жасалышында, анын өңүндө, ар бир тигишинде терең философия катылып жаткандыгын баса белгилеп, алардын маани-маңызын ар бир атуул биле жүрүш керектигин, калпакты баш кийим катары сыйлап, кадырлап жүрүү керектигин, аларды кийинки урпактарга өткөрүп берүү  милдет экендиги түшүндүрүп сабак жыйынтыктады. Сабакка катышкан коноктор дагы өз пикирлерин айтып, ой бөлүшүштү.


Top