Биоартүрдүүлүк кафедрасы Россиянын Табигый-илимдер Академиясынын «Ата-Мекендик илимдин АЛТЫН ФОНДУ» уюштурган иш чарада жеңишке жетишти
Posted By: Admin Дата: 2021-03-15 15:02:49 Просмотров:11427

Биология жана химия факультетинин профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы Россиянын Табигый-илимдер Академиясынын «Ата-Мекендик илимдин АЛТЫН ФОНДУ» уюштурган иш чарада биринчи орунду алып,  «Золотая кафедра» номинациясынын диплому, тɵш белгиси менен сыйланышты. Аталган сыйлыкка кафедранын коллективи илим жаатында ишке ашырган жаңылыктары, окуу-методикалык куралдары жана студенттерге талыкпай билим берүүдɵгү лектордук чеберчиликтери ж.б. алгылыктуу иштеринин натыйжасында ээ болушту.

Кафедранын бул жетишкендиги кафедра башчысы, б.и.к., доцент С.К. Кендирбаева, п.и.д., профессор М.Ж. Чоров, б.и.д., профессор М.К. Ахматов, доцент Б.С. Абдрахманова, б.и.к., доцент Г.Дж. Сазыкулова, б.и.к, доц.м.а. У.Ж. Кармышова, п.и.к., доцент Г.С. Усенгазиева, п.и.к., доцент А.О. Абдыкапарова, п.и.к., доц.м.а. У.Ч. Сапарбаева, ага окутуучу  Р. Акжолтоева, ага окутуучу А.Т. Нурманбетова жана окутуучу М.Т. Турсуналиевалардын талыкпай иштеген иштеринин үзүрү деп билебиз. Yзүрлүү, талыкпаган, адал эмгегиңиздердин акыбети кайтып, жигердүү чыгармачылыкта билимиңиздерди студенттерге берип, акылмандуулуктун кенчи, тарбия-таалимдин булагы болуп, аман жүрүңүздөр! 

Куттуктоону жазган:кафедра башчысы, б.и.к., доцент С.К. Кендирбаева


Top