Биология жана химия факультетинде ачык лекция өтүлдү
Posted By: Admin Дата: 2021-04-02 14:37:02 Просмотров:9821

И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти б.и.к. С.О.Акунова Педагогика факультетинин жана Мамлекеттик тилдер жана маданият институтунун ПБ-11-19, КАб-11-19,КМ-11-19 тайпаларына «Курак анатомиясы, физиологиясы жана гигиенасы» дисциплинасы боюнча «Тамак синирүү системасынын курак ѳзгѳчѳлүгү жана гигиенасы» деген темада онлайн - ачык сабак (лекция)  ѳттү.

 Ачык сабакка: кафедранын окуу-методикалык комиссиянын төрайымы б.и.к. проф. БейшеналиеваС.Т., окутуучу п.и.к., доцент КырбашеваМ.Т, ага окутуучулар- АндакуловаЖ.А., Ниязова Н.Д. ж.б. катышышты.

Ачык сабакта лектор маалыматтык технологиялык каражататтарды туура колдонуп, студенттердин активдүү ой жүгүртүүсүнө өбөлгө түзүп, планга коюлган суроолорду презентация түрүндѳ толук камтып айтып берди, сабак максатына жетти.                                                          


Top