БИОЛОГИЯ ЖАНА ХИМИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ПРОФ. М.М БОТБАЕВА АТЫНДАГЫ БИОАРТYРДYYЛYК КАФЕДРАСЫНДА КЕЗЕКТЕГИ АЧЫК САБАК ƟТYЛДY
Posted By: Admin Дата: 2021-04-20 11:12:12 Просмотров:34234

2021-жылдын 1-апрелинде биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу А.Т. Нурманбетова “Дендрология” дисциплинасынан 3-курстун Бб-13-18, Бк-11-18 тайпаларына “Жыгач өсүмдүктөрүнүн оорулары жана зыянкечтери” аттуу темада офлайн режиминде ачык сабак өтүп, дарс окуду.
Сабакка факультеттин профессордук-окутуучулар курамы: кафедра башчысы доц., б.и.к. С.К. Кендирбаева, ОМК төрайымы, доц., п.и.к. А.О. Абдыкапарова, доц.м.а., п.и.к. У.Ч. Сапарбаева, жалпы биология жана аны окутуу технологиясы кафедрасынын доц., п.и.к. М.Т. Кырбашова, химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доц., х.и.к. Б.Ш. Жакышова, доц., х.и.к. Г.К. Насирдинова, ага окутуучу Г.Э. Сатывалдиевалар катышышты.
Ачык сабак жогорку денгээлде, маалыматтык технологиялардын заманбап каражаттары менен жабдылып, лектор өзгөчө чыгармачылык менен өттү.
Соңунда табиятка, жыгач өсүмдүктөрүнө аяр, сарамжалдуу мамиле кылууга үндөө ыр түрүндө жүргүзүлдү.Лекцияда жалпы маалыматтан сырткары Кыргызстандын бак-дарактарынын оорулары жана зыянкечтикги тууралуу студенттердин келечек турмушунда эң керектүү маалыматтар берилди.
 


Top