Биология жана химия факультетинде студенттерге арналган кесипке багыт берʏʏ боюнча илимий иш чара өттү
Posted By: Admin Дата: 2021-04-20 11:32:59 Просмотров:11638

Биология жана химия факультетинин биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында «Табигый илимий билим берʏʏ» багыты боюнча 3-курстун студенттерине  кесипке багыт берʏʏ максатында онлайн форматта иш-чара болуп ɵттʏ.

Ага жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын методисттери, студенттер жана Бишкек шаарындагы  К.Бобулов атындагы №88  мектептин 10-11 классынын окуучулары катышышты.

         Иш-чарада 3-курстун студенттери биология жана химия факультетинин кесипке даярдоо мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ, студенттер ʏчʏн тʏзʏлгɵн шарттар жɵнʏндɵ кызыктуу презентацияларды даярдап, окуучуларга маалымат беришти. 

Студенттер менен окуучулардын ортосунда кызыктуу маектешʏʏ болду.

Методисттер жана студенттер окуучулардын берилген суроолоруна жооп беришти. Окуучуларды келечекте кесипти туура тандоого ʏндɵштʏ жана ɵздɵрʏ билим алып жаткан биология жана химия факультетинин кесипке даярдоодогу шарттарын кызыктуу кылып баяндашты.


Top