КАФЕДРАДА ОКУУ ИШТЕРИ ЖОГОРКУ ДЕНГЭЭЛДЕ УЮШТУРУЛУП ЖАТАТ
Posted By: Admin Дата: 2021-04-26 11:11:47 Просмотров:6308

Проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын окуу-методикалык комиссиясынын планына ылайык 2021-жылдын 14-апрелинде кезектеги окутуучулардын сабакка өз ара катышуусу өткөрүлдү.

Бул жолу кафедранын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты А.О. Абдыкапарова  тарабынан Б-1-20 группасынын студенттерине “Алты буттуулар (Hexapoda) чоӊ классы” деген темада лекция уюштурулду. 

Лекцияда алты буттууларга жалпы морфологиялык мүнөздөмө, алардын денесинин бөлүктөрүнүн түзүлүшү, баш, көкүрөк жана курсак бөлүктөрүндө жайгашкан органдары, кызматы тууралуу кеӊири маалыматтар берилди.

Окутуучу лекцияны “Мээге чабуул” методу менен таанып-билүү процессинде кайтарым байланышты өнүктүрүүгө багытталган “Билем”, “Билгим келет”, “Билдим” интерактивдүү методикалык ыкмасы менен баштады.

Лекция теориялык материалдарга бай болду, таблицалар, презентация-слайд, курт-кумурскалардын кургак коллекциялары менен жабдылган.

1-курстун студенттери үчүн сабактарды окутуучу менен түздөн-түз байланышып өтүү актуалдуу болуп жаткан учурда лекция оффлайн форматында өтүлүп, студенттер үчүн абдан кызыктуу болду. Студенттер жогорку активдүүлүгүн көрсөтүү менен берилген суроолорго жооп беришип жана өздөрү да кызыккан суроолорун окутуучуга берип жатышты.

Бул лекцияга биология жана химия факультетинин окуу-иштери боюнча декандын орун басары, доцент Усенгазиева Г.С., кафедра башчысы, доцент Кендирбаева С.К., кафедра мүчөлөрү: доцент Сазыкулова Г.Дж., доценттин м.а. Кармышова Ү.Ж., ага окутуучу Акжолтоева Р.А., ага окутуучу Нурманбетова А.Т. катышышып, жыйынтыгында сабактын  жогорку илимий-методикалык деңгээлде өткөндүгүн билдиришти.


Top