Биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессордук окутуучулар аспирант, магистранттар менен тыгыз иштешүүдө
Posted By: Admin Дата: 2021-10-19 23:02:36 Просмотров:3282

Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы эки багытта илимий иштерди алып барышат. Алар:

  • «Биологиялык объекттерге курчап турган чөйрөнүн жагымсыз шарттарынын  тийгизген таасири»,
  • «Биологиялык дисциплиналарды окутуунун формаларын жана мазмунун өнүктүрүү».

Ар бир окуу жылында кафедранын профессордук-окутуучулар курамы  жеке өз алдынча, аспиранттар, магистранттар жана бүтүрүүчү квалификациялык иштерди аткарууда жогорудагы теманын ар башка багыттарында илимий-изилдөө иштерин алып барышат. 

Студенттер үчүн дагы ушул эле эки багыттын алкагында илимий кружоктор дагы уюштурулаган. Бул багытта материалдык-техникалык база дагы чыӊдалып, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Мисалы, илимий изилдөө иштеринин фундаменталдык багыты боюнча бакалавр бүтүрүүчүлөр «Генетика», «Биохимия», «Микробиология» магистрлик программалары боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, өзүлөрүнүн квалификациясын жогорулата алышат.

Илимий изилдөөнүн экинчи багыты болсо педагогикалык багытта жүргүзүлөт. Бул багытта дагы бакалавр бүтүрүүчүлөр педагогикалык багытта изилдөөлөрдү жүргүзө алышат жана магистратура, аспирантурада квалификациясын жогорулатышат. Учурда биздин факультеттин студенттери, магистранттары  педагогикалык практика өтүшүүдө. Ошондуктан, кафедрада аткарылып жаткан илимий изилдөө иштеринин алкагында студенттер үчүн илимий методикалык семинар уюштурулду. Ага биздин факультетт ин магистратурасынын эӊ мыкты бүтүрүүчүсү,   мэриянын 2021-22-окуу  жылынын  «Жүрөгүмдү  балдарга арнайм» кароо сынагында  «Мыкты жаш мугалим» номинациясынын жеӊүүчүсү  Тойчубеков Жакшылык  5-ноябрь  илим күнүнө карата «Мектептин программасына ылайык,  биология сабагын өтүүдө, сапаттуу билимдерди  окуучуларга берүү», - деген темада илимий-методикалык семинар өттү. Илимий-методикалык семинарга биология жана химия  факультетинин деканы п.и.д., профессор М.Ж.Чоров, Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, б.и.к., проф.м.а. Г.А. Шаршеналиева жана факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты, 3-4-курстун студенттери катышты.


Top