Биология жана химия факультетинин окутуучулары Бишкекте жана Ошто тренингдерди өтүштү
Posted By: Admin Дата: 2021-11-17 15:18:58 Просмотров:3083

Учурда Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында кафедранын 2 мүчөсү, б.и.к., проф.м.а. Г.А.Шаршеналиева жана б.и.к., проф.м.а. С.Т.Бейшеналиева  “ДНК-маркердин жардамы менен  Кыргызстанда өстүрүлгөн ири мүйүздүү малдардын породаларынын генетикалык ар түрдүүлүгүн изилдөө”,- деген илимий долбоордун үстүндө аткаруучу катары иштеп жатышат. (каржылайт: Билим берүү жана илим министрлиги).

Бул долбоор 01.01.21-30.12.21 чейин пландалган.  Ошондой эле, кафедранын мүчөсү,  проф. Ч.С.Давлетова  1-2-ноябрда Бишкекте, 10-11-ноябрда Ош шаарында тренер катары тренингдерди өтүштү. Тренингдердин өтүшүн ЮНИСЕФ колдоого алды. 


Top