Университетте “И.Арабаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы” аталышындагы куратордук саат өтүлдү
Posted By: Admin Дата: 2021-11-17 15:34:02 Просмотров:3269

         Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын куратору, ага окутуучу Н.О.Казакова  2-курстун студенттери үчүн (группа Б-1-20, бб-13-20 жана Бк-11-20) “И.Арабаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы” , - деген темада куратордук-тарбиялык саат өттү.

Бул сабакта негизги тема менен катар студенттердин тарбиясы жөнүндө дагы талкуу болду. Бул куратордук сабакка Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, б.и.к., проф.м.а. Г.А.Шаршеналиева жана кафедранын мүчөлөрү доц. М.Т.Кырбашова, ага окутуучулар А.К.Боогачиева жана Н.Д.Ниязова, ошондой эле деканаттын мүчөлөрү катышышты.


Top