Биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында ачык сабак болуп өттү
Posted By: Admin Дата: 2021-11-30 10:02:08 Просмотров:3042

2021-жылдын 29-ноябрында проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти А.О. Абдыкапарова Бк-11-21 группасынын студенттерине “Ичеги көңдөйлүүлөр тиби (Coelenterata). Гидрозойлор классы (Hydrozoa)” деген темада ачык лекция өттү. Лекцияда ичеги көңдөйлүүлөр радиалдык симметрияга ээ экендиги, түзүлүшүнүн эки катмардуулугу, ичеги көңдөйдүн жана нерв системасынын, чалкан клеткаларынын болушу жана метаморфоз аркылуу өрчүй тургандыгы менен мүнөздөлө тургандыгы тууралуу билимдер берилди.

Лекциянын башында максаты, милдеттери жана бул сабактын алкагында студенттердин кандай компетенцияларын калыптандырууга боло тургандыгы айтылып, кайтарым байланышты өнүктүрүүгө багытталган “Билем”, “Билгим келет”, “Билдим” интерактивдүү ыкмасы колдонулду. Лекция теориялык жана көрсөтмөлүүлүк материалдарга бай болду (таблицалар, презентация-слайд) жана берилген материал видео менен жыйынтыкталды.

Лекцияга факультеттин окуу-методикалык кеңешинин мүчөлөрү жана окутуучулары катышышты: б.и.к., доц. Кендирбаева С.К., б.и.к., доц. м.а. Кармышова У.Ж., б.и.к., доц. Ногойбаева Р.С., х.и.к., доц. Насирдинова Г.К., п.и.к., доц. Жакышова Б.Ш., п.и.к., доц. м.а. Сапарбаева У.Ч., ага окутуучу Нурманбетова А.Т.. Окутуучулар өтүлгөн лекцияны анализдөөнүн соӊунда сабак эӊ жогорку илимий-методикалык деӊгээлде өтүлгөндүгүн жана жогорку баалоо критерийлерине ээ болгондугун белгилешти.


Top