Биология жана химия факультетинде студенттердин кезектеги илимий ийрими уюштурулду
Posted By: Admin Дата: 2021-11-30 10:15:16 Просмотров:2878

2021-жылдын 29-ноябрында биология жана химия факультетинин проф.М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында б.и.к., доц.м.а. Ү.Ж.Кармышованын жетекчилиги менен “ГЕРБАРИЙ ДАЯРДООНУН ЫКМАЛАРЫ” аттуу темада студенттик илимий ийрим  өткөрүлдү.

Проф.М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын илимий иш планына ылайык 520200 “БИОЛОГИЯ” багытынын 2-3-курстарынын студенттери илимий ийримди жогорку деңгээлде өткөрүштү. Илимий ийримге факультеттин профессордук окутуучулар курамы жана 1-3-курстардын студенттери катышты. Илимий ийримде студенттер гербарий жыйноо, кургатуу жана жасалгалоо эрежелерин менен катар эле окуу-талаа практикасынын максаты жана милдеттери жөнүндө  кеңири маалымат беришти.  Өсүмдүк  органдарын традициялык эмес ыкмалар менен кургатууну демонстрация кылышты. Жыйында кургатуунун традициялык эмес ыкмалары абдан талкуу жаратты.


Top