Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында “Никотин жана алкоголдун зыяндуулугу” аттуу темада куратордук саат өтүлдү
Posted By: Admin Дата: 2021-12-04 12:30:41 Просмотров:2710

Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Сатывалдиева Г.Э. “Табигый-илимий билим берүү” багытынын “Химия” профилинин  2-курсунун студенттери менен биргеликте “Никотин жана алкоголдун зыяндуулугу” аттуу темада куратордук саат өттү.

Иш-чарада студенттерге азыркы учурда никотиндин жана алкоголдун зыяндуулугу жөнүндө кеңири маалымат берилип, алардын ден соолукка тийгизген зыяндуулугу, кесепети жана экономикага тийгизген таасирин презентация болуп көрсөтүлдү. Ачык сабакка Өзбекстандык студенттер да активдүү катышышты. Сабактан сырткары студенттердин актердук чеберчилиги да көрсөтүлдү. 


Top